Өкмөт экология боюнча илимий программаны ишке ашырат

Өкмөт экология боюнча илимий программаны ишке ашырат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экология боюнча илимий негизделген программасын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 30-январда өкмөт башчынын жетекчилиги астында атайын кеңешме өтүп, экологиялык жагдайдын актуалдуу маселелери талкууланган.

«Ыкчам түрдө экологияны жакшыртуу максатында кырдаалдын начарлашынын себептеринин конкреттүү тизмесин аныктоо маанилүү. Өкмөт экология чөйрөсүндөгү жакшырууларды сезүүбүз үчүн зарыл финансы каражаттарды табат”, — деп билдирген Абылгазиев.

Соңку жылдары Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе жогорулап кеткенин экологдор тынчыздануу билдирип келишет. Суук түшөөрү менен шаарды түтүн каптап, абанын кескин булганганып кеткени тургындары кабатыр кылууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>