Өкмөт: Эпидемияга карабай үйүнө той-аш өткөргөндөр көбөйүп, илдет жайылууда

Өкмөт: Эпидемияга карабай үйүнө той-аш өткөргөндөр көбөйүп, илдет жайылууда

Массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын  жуктургандар көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

«Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда», — дешти Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрү. 

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаада эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды. 

«Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы көбүнчө эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат», — деген Кубатбек Боронов үй карантининдеги адамдарга күчөтүлгөн көзөмөлдү улантууну кошумчалады. 

Республикалык штаб «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Кыргызстанга иштөө максатында чет өлкөлүк адистердин (анын ичинде ЕАЭБ жарандарынын) келүү маселеси каралды. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>