Кыргыз өкмөтүнүн аппараты Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргызстандан талапкерлерге квалификациялык тандоо жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул чечим Кыргыз Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 «Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги жооптуу кызматтардын бош орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин ички квалификациялык тандоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык кабыл алынган.