Өкмөт гриппке каршы 700 миң доза вакцина сатып алат

Өкмөт гриппке каршы 700 миң доза вакцина сатып алат

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуу азырынча эрте. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт», — деди Боронов.

Премьер-министрдин маалыматына ылайык, учурда өкмөттөн жаз-күз мезгилинде каптоочу сасык тумоодон алдын алуу үчүн 21-августта гриппке каршы вакцина сатып алуу максатында 221,5 млн сомго буйрук чыгарылды. Бул каражатка 700 миң доза вакцина сатылып алынат. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу кармарлары жана дарыгерлер эмделет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>