Өкмөт Ирак жана Сириядан кыргыз жарандарын кайтарып келүүгө киришти

Өкмөт Ирак жана Сириядан кыргыз жарандарын кайтарып келүүгө киришти

Кыргыз Өкмөтү Ирак жана Сириядан балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ирак Ислам Республикасында жана Сирия Араб Республикасында жүргөн Кыргызстандын жараны болгон балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

«Сирия Араб Республикасынын «Качкындар үчүн курд лагерлеринде» кармалып жаткан жана Ирак Ислам Республикасынын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат», -деп жазылат маалыматта.

Ирак Ислам Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз жарандарынын балдары визалык режимди бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттар такталды. Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн буйругунун долбоору Өкмөттүн Аппаратында каралып жатат.

«Кыргыз жарандарынын балдарын алып келүүгө бара турганы чечилди. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө. Өкмөт тарабынан тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп, бул маселе премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө турат», — деп белгиледи өкмөттүн маалымат кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>