Өкмөт Исхак Масалиевдин сынына жооп кайтарды

Өкмөт Исхак Масалиевдин сынына жооп кайтарды

Экс-депутат Исхак Масалиевдин өлкөдөгү пандемиялык абал жана өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча айткан сын пикирине карата Өкмөттүк аппарат жооп кайтарды.

«Чындыгында, азыркы учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кыйын болуп турат. Коронавирус инфекциясы тастыкталган жарандардын саны бир топ көбөйдү. Ошону менен бирге Республикалык ыкчам штаб учурда өлкө боюнча же анын айрым аймактарында кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин караган жок”, – деп жазылат билдирүүдө.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, өзгөчө абал режими эмне себептен киргизилбегендиги жана Масалиевдин шайлоо боюнча айткандарына карата жооп жазылган эмес. Болгону азыркы тапта коронавирустун көбөйүшүнө жол бербөө чаралары күчөтүлгөндүгү айтылат.

Билдирүүдө ошондой эле март айынын башында өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгендиги туура чечим болгондугу белгиленген.

Буга чейин Исках Масалиев бийлик элден корккону үчүн өзгөчө абал киргизбегендигин айткан.

Кыргызстанда соңку учурларда коронавирус күн сайын 200дөн ашык адамдын анализинен табылууда. Жалпысынан 18-марттан 26-июнга чейин өлкөдө 4 миң 513 адам коронавируска чалдыкты.  Алардын  ичинен 2 миң 242 адам илдеттен айыкса, 47 бейтап кайтыш болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>