Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылга чейин узартты

Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылга чейин узартты

Кыргыз өкмөтү ишкерлерди текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын аягына чейин узартты. Токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Экономика министрлиги мораторийди ишкерлердин бизнеске өтө терс таасирин тийгизип жаткан укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча арыздарынан улам узартууну сунуш кылган. Бул көрүнүш экономиканын көмүскө секторунун көбөйүшүнө жана бизнес баштоо активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө өбөлгө түзөт жана жалпысынан өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет.

Бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата Бажы кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөргө мораторий колдонулбайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>