Өкмөт кафе-ресторандарда той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди

Өкмөт кафе-ресторандарда той жана массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берди

Өкмөт өлкөдө коомдук иш-чараларды өткөрүүгө 1-декабрдан тарта расмий түрдө уруксат берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 26-ноябрда брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кийинки айдан тарта экономикалык чектөөлөр жөнүндөгү өкмөттүн 17-октябрдагы токтому күчүн жоготот.

Иши жандана турган тармактардын тизмеси:

-маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскертүү иш-чараларына;

-Көңүл ачуучу жана оюн-зоок мекемелерине;

-Интернет-клубдарга;

-Соода борборундагы оюн зонасына;

-Коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан көп отурууга;

-Кинотеатрларга.

«Жогорудагы чектөөлөрдүн бардыгы өз убагында туура киргизилген. Буга чейин бир нече экономикалык багыттагы чектөөлөр алынып салынган», — деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, облустардагы жана шаарлардагы атайын түзүлгөн штабдардын чечими менен ошол региондогу эпидкырдаалга жараша иш-аракеттер жандандырылат же токтотулат. Аларга ушундай укуктар берилген.

«Эгерде аймактагы штабдар уруксат берсе, ошол жердеги  экономикалык активдүүлүк жандандырылат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткарыңыздар. Оорунун көбөйүп кетишине сиздер дагы себепкер болуп кетпеңиздер», — деп белгиледи вице-премьер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>