Өкмөт: Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Өкмөт: Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда айтканын Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды.  Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр», — деп жазылат маалыматта.

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көргөн. Мындан сырткары Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышкан.

Белгилей кетсек,  Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерден жасалган мектептин ачылышы коомчулуктун талкуусуна алынып, өкмөткө сындар күчөгөн. Бул окуядан кийин Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбдиева жана Өкмөттүн Нарын облустундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан алынган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>