Жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге канча компенсация төлөнөөрү айтылды

Жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге канча компенсация төлөнөөрү айтылды

Кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина кызматкерлерине кенемте төлөнөт. Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан төлөмдөрдүн өлчөмү каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде брифингде биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов маалымдады.

Анын айтуусунда, дарыгерлерге төлөнүп берилүүчү кенемте буга чейин көрсөтүлгөн 200 миӊ сом жана 1 млн сом суммалары дагы каралууда. Ал эми медицина кызматкерлери апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат.

Анын айтымында, марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгына байланыштуу болгон.

“Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күршүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, — деп ишендирди Кубатбек Боронов.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>