Өкмөт коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларга чектөө киргизди

Өкмөт коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларга чектөө киргизди

Өкмөт коронавирус боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди.  Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Бул чечим коронавирустук инфекциянын пайда болуу коркунучун алдын алуу жана Кыргызстандын калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынган.

Жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды.

Өлкөдөгү бардык мамлекеттик мекемелерге дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыз болуу жана токтомдун жоболорун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>