Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу товарларды салыктан бошотту

Өкмөт коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу товарларды салыктан бошотту

Өкмөт 2020-жылдын соңуна дейре коронавируска каршы күрөштө пайдаланылчу бир катар импорттолуучу товарларды кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотту. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабыл алынган чечим ушул жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин иштейт.

Кошумча нарк салыгынан бошотулган өнүмдөр:

— дем алуу органдарын жеке коргоочу, чыпкалоочу жана изоляциялоочу каражаттары, анын ичинде бетке арналган бөлүктөр жана чыпкалар;

— атайын коргоочу кийимдер, анын ичинде чыпкалоочу коргоочу кийим;

— көздү жана бетти коргоочу жеке каражат;

— токулбаган сиңирилген жана сиңирилбеген, капталган жана капталбаган, кабатталган жана кош кабатталган кездемелер;

— компьютердик томография; — медициналык багыттарга арналган атайын автомобилдер;

— медициналык жана хирургиялык эмеректер;

— негатоскоптор.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>