Өкмөт Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө бир айлык чектөө коет

Өкмөт Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө бир айлык чектөө коет

Өкмөт Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө бир айлык чектөө коет. Бул тууралуу 17-мартта өткөн маалымат жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай чара дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кабыл алынды. Вице-премьер-министр бул боюнча өкмөттүн атайын токтому чыга турганын кошумчалады.

«Өзүнүн жол-жобосу бар, алар тууралуу Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк маалымат берет. Биз мындай чараны туура деп кабыл алдык», – деди Өмүрбекова.

Ошол эле маалда жүк ташууга чектөө киргизилбейт.

Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>