Өкмөт: Кытайдан товар ташуу качан калыбына келери белгисиз

Өкмөт: Кытайдан товар ташуу качан калыбына келери белгисиз

Бүгүн, 13-мартта Өкмөт коронавируска инфекциясынын тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган Республикалык штабдын ишин талкуулашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун кесепетинен ата мекендик экономика жоготууга учурай турганын айтып, бизнести өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Кытай негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4%ды түзөт. 2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4% түзгөн. Негизинен бул өндүрүш үчүн сырьелук база. Азыр сырьенун запасы бар, бирок ташуулар качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз. Мында биздин кемчилдиктерди аныктоого гана эмес, өз өндүрүшүбүздү башынан баштоого аракет кылуу мүмкүндүгү пайда болду», — деди Абылгазиев.

Учурда бийлик бардык мамлекеттик иш сапарларды токтотту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>