Өкмөт Кытайдан жалпы 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды

Өкмөт Кытайдан жалпы 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды

Кыргызстандын өкмөтү  Кытайдан 10 литр болгон 78 кычкылтек концентраторун сатып алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынган жаңы аппараттар чартердик рейс менен 2-август күнү Бишкек шаарына жеткирилып, Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө. Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>