Өкмөт медиктердин кадрдык резервин түзмөкчү

Өкмөт медиктердин кадрдык резервин түзмөкчү

Өкмөт күз-кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр туруу үчүн медициналык адистердин кадрдык резервин түзүп чыкмакчы. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылган.

Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов кадрдык резервди түзүү жана аларды тийиштүү окутуудан өткөрүү абдан маанилүү экендигин билдирди.

“Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө”, — деген өкмөт башчы. 

Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгилеген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>