Өкмөт: Бишкек жана Ошто күнүнө 70 миңден медициналык беткап чыгарылууда

Өкмөт: Бишкек жана Ошто күнүнө 70 миңден медициналык беткап чыгарылууда

Ушу тапта дары-дармектердин, айрыкча беткаптардын жетишсиздиги жөнүндө ар кандай кептер айтылып жатат. Туура, беткаптар жетишпейт, муну моюнга алабыз. Азыр алардын ордун толтуруу чараларын көрүп жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Өкмөт башы буга чейин өлкө аймагындагы дарыканалар менен медициналык мекемелерде 3,5 млн бепкап болсо, ортодогу шылуундардын айынан алардын баары 3 күндүн ичинде жок кылынганын белгиледи.

«Кыйчалыш учурдан пайдаланып, айрым шылуундар беткаптарды дүңү менен чет өлкөлөргө чыгарып кетүү аракетин жасап жатышат. Чек арадан 1,5 млн даана беткап кармалып, медициналык мекемелерге кайтарылып берилди. Буга чейин бизде мындай жабдыктар жетишсиз болгон. Азыр эки ишкердин демилгеси менен Бишкек жана Ош шаарларында күнүнө 70 миң беткап чыгарыла баштады», — деди Абылгазиев.

Андан тышкары, чет өлкөлөрдөн дары-дармектер менен атайын жабдууларды алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. Кытай бул багытта жардам берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, коронавирус илдети дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылды. Анын айынан 8 миң адам набыт болгон. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 3 адам каталды. Алардын баары Сузак районунун тургундары болуп саналат. Кечээтен баштап ал жерде өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдеттин жайылышын алдыналуу чаралары көрүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>