Өкмөт: Республиканын мектептеринин 99% интернетке кошулган

Өкмөт: Республиканын мектептеринин 99% интернетке кошулган

2019-жылдын аягына карата республиканын аймагында 2 118 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп же билим берүү мекемелеринин 99,0% интернетке кошулган. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

 Аймактык саясат концепциясын ишке ашыруунун алкагында 91 мектепке инновациялык мектеп макамы берилген (ар бир райондо жана 20 чакан шаарда), анын ичинде 30 мектеп лабораториялык, мультимедиялык, кеңселик жана окуу жабдуулары, ошондой эле предметтик кабинеттер үчүн эмеректер менен жабдылган.

Ал эми 61 мектеп заманбап электрондук мектепке айланды. Кошумча 540 мектепке интернетти колдонуу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор берилген.

Мектептерде базалык окуу планын түзүүгө жаңыча мамиле кылуу иштелип чыккан. Бул өзгөрүүлөр чет тилдер боюнча сааттарды көбөйтүүгө, 5-класстан баштап «Информатика» сабагын киргизүүгө, мамлекеттик тилди окутуу ыкмасын өзгөртүүгө, табигый-илимий цикл сабактарын күчтөндүрүүгө тийиштүү.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>