Site icon Reporter.kg

Өкмөт: Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Министр оорукадан чыкты. Ал учурда аралыктан иштөөдө. Жакынкы күндөрү ишке чыгат”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин биз ишенимдүү булактарга таянып, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кызматтан кеткенин жана анын ордуна Элнура Боронбаева дайындалаары тууралуу жазганбыз.

Exit mobile version