Өкмөт социалдык төлөмдөрдү толугу менен каржылай турганын убадалады

Өкмөт социалдык төлөмдөрдү толугу менен каржылай турганын убадалады

Өкмөт бардык социалдык төлөмдөр толугу менен өз мөөнөтүндө каржылайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июнда брифинг учурунда айтты.

 “Коронавирус инфекциясынан жарандардын өмүрүн сактап калуу максатында иштерди ыкчам жана уюшкандыкта жүргүзүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.  Ооруканаларда кошумча орундарды даярдоодо, мүмкүн болушунча бейтаптардын баарына көңүл буруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон аракеттер көрүлүп жатат. Ошондой эле экономикалык жигердүүлүктү  жандандыруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө», — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана өпкөнүн сезгенишинен улам каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>