Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн узартты

Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн узартты

Кыргыз Өкмөтү «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартты. Тиешелүү чечимге  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул документ айдоочулук курамды каттоодо документтерди өз убагында берүүнү камсыздоо максатында кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын декабрынан тарта Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган.

Бүгүнкү күнү 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) туруктууга алмаштыруу иштери аткарылууда.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүп жатат.  «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>