Өкмөт: Ухандагы 15 кыргызстандык ооруну жугузган жок

Өкмөт: Ухандагы 15 кыргызстандык ооруну жугузган жок

Кытайдын вирус чыккан Ухань шаарында кыргызстандын 15 жараны бар, алардын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

“Тышкы иштер министрлиги мекендештерибиз менен байланышта. Учурда алар   жатаканаларда кармалууда. Эгер алар Кыргызстанга учабыз десе өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлөт“, — деди өкмөт башчы.

Соңку маалыматтарга караганда, тездик менен жайылып жаткан өпкөнү сезгентүүчү вирусту Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши жуктуруп алып, алардын ичинен 80 адам каза болгон.

Мындан сырткары АКШда, Таиландда, Түштүк Кореяда, Австралияда, Канадада жана Францияда вирус жугузган адамдар аныкталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>