Өкмөт: ушул жумада арзан баада азык-түлүк жарманкеси өтөт

Өкмөт: ушул жумада арзан баада азык-түлүк жарманкеси өтөт

Күнүмдүк керектелүүчү азыктардын ички рыноктогу баасын толук турукташтырууну камсыз кылуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Жыйында Артем Новиков ушул жумада пилоттук тематикалык жарманкелер башталаарын эске салды.

«Бишкек шаарынын эки түйүнүндө биринчиси: Токтоналиев көчөсүндөгү «Globus», экинчиси: Горький көчөсүндөгү «Фрунзе» соода тармагынын парк аймагында күнүмдүк керектелүүчү продуктулар дүң баа боюнча сатыкка коюлат. Белгиленген баалар орнотулат. Мисалга, уй эти 370-380 сомдон, он жумуртка 85 сомдон ашык эмес, өсүмдүк майынын баасы 108 сомдон 115 сомго чейин сатылат. Бааларды фиксациялоо үчүн ар бир облустун жетекчиси өндүрүүчүлөр менен продукцияны дүң баа боюнча сатууну камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү маанилүү. Оңдуу натыйжа берген учурда, мындай тематикалык павильондор ар бир региондо ачылат. Мындан тышкары, Бишкек шаарында ар дем алыш күндөрү айыл чарба продукциясынын жарманкесинин өткөрүлүшүн камсыздоо зарыл», — деп билдирди Новиков.

Шаардыктар бул жарманкелерде товарлар кандай баа боюнча коюларын алдын-ала билиши керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>