Өкмөт виза берүүнүн шарттарын жеңилдетет

Өкмөт виза берүүнүн шарттарын жеңилдетет

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн шарттарын жеңилдетүү боюнча токтомго кол койду. Бул тууралуу Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, визаларды тариздөө жана берүү  боюнча жаңы нускама төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

— визаларды тариздөө процедураларын санариптештирүү;

— «Электрондук виза» системасын мындан аркы өркүндөтүү;

— бюрократиялык процедураларды кыскартуу;

— визаларды алуучулар менен түз байланышты жоюу;

— өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жакшыртуу;

— коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу.

Документтин жаңы редакциясы:

— тышкы миграцияны каттоонун Бирдиктүү системасынын экинчи этабын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргызстандын мамлекеттик органдары өлкө аймагына келгендер жөнүндөгү маалыматтарды ыкчам алмашат, бул өз кезегинде тышкы миграция чөйрөсүндөгү тиешелүү органдардын миграциялык процесстерге борборлоштурулган башкарууну киргизүүсүн шарттайт;

— чет өлкөлүк жарандардын уруксат берүүчү документтерди толтуруудагы шарттары жана жол-жоболору жеңилдетет;

— эмгек ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>