Өкмөт: жөлөкпул, пенсия жана айлык акылар өз убагында берилүүдө

Өкмөт: жөлөкпул, пенсия жана айлык акылар өз убагында берилүүдө

Ушул тапта айлык маяна, пенсия жана жөлөкпулдар өз убагында берилип жатат. Бул тууралуу бугүн, 27-мартта өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

 “Кыргызстандын өкмөтү эмгек акылар, жөлөк пулдар боюнча бардык төлөөлөрдү жана бюджеттин башкы чыгашаларын каржылоолорду өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз», — деди ал.

27-мартка карата Кыргызстанда дагы 14 адам коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болд. Жалпысынан өлкө боюнча ооруну жуктургандардын саны 58 адамга жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>