Өкмөт Жанар Акаевдин айткандарын негизсиз деп атады

Өкмөт Жанар Акаевдин айткандарын негизсиз деп атады

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга Абылгазиевдин тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

“Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат.  Зарыл болгон учурда Премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр”, — деп жазылат Өкмөттүн билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, депутат Жанар Акаев парламенттин 20-майдагы жалпы жыйынында Байланыш агенттиктегинин айланасындагы коррупция маселесин козгоп, бул ишке Абылгазиевдин катышы болушу мүмкүн экенин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>