Өкмөт: Жанарбек Акаев Бишкек шаарынын мэрлигине көрсөтүлгөн жок

Өкмөт: Жанарбек Акаев Бишкек шаарынын мэрлигине көрсөтүлгөн жок

Бишкек шаарынын мэрлигине Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келебейт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Бактыбек Рысалиев “Репортёрго” билдирди.

Анын айтымында, кимдир бирөөлөр ушак таратууда.

“Бул ушак кеп. Бишкек шаарынын мэри кызматына ким барары жакынкы күндөрү белгилүү болот. Азырынча мэрликке кимдер талапкер экени тууралуу маалымат бере албайбыз”, – деди Рысалиев.

Белгилей кетсек, экс-мэр Азиз Суракматов отставкага кеткен соң, биринчи вице-мэр кызматка дайындалган Нариман Түлеевге шаар мэринин милдетин аткаруу жүктөлгөн.

21-октябрда Нариман Тулеевди биринчи-вице мэр болуп дайындалышына каршы болгондор жана Тулеевди колдогондор митингге чыккан.

22-октябрда шаар башкармалыгынын маалымат кызматы Нариман Тулеевдин кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганы боюнча маалымат тараткан. Мындан соң мэрдин милдетин аткаруу вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлгөн.

Бүгүн, 26-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келгендигин мэриядан карабалашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>