Өкмөт: Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандар үчүн айып пулдун өлчөмү азайбайт

Өкмөт: Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузгандар үчүн айып пулдун өлчөмү азайбайт

«Коопсуз шаар» долбоорунун адамдардын өмүрүн сактоо жана жолдордо тартипти камсыздоо максаты ишке ашууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычын ишке ашырууга салым кошкон кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

 «Көп жылдар бою «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашырылбай келген. Долбоордун жактоочулары да жана каршылаштары да көп болду. Долбоор биздин коомго керек экендигин айта кетишим зарыл. «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашырылышы президент  тарабынан колдоого алынган. Тендер ачык-айкын өтүп, бул долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууну камсыздады. Бүгүн аталган  долбоордун биринчи баскычы ийгиликтүү ишке ашты деп ишенимдүү айтсак болот», — деди Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизген соң Бишкек шаарынын жолдорунда жана Чүй облусунун унаа жолдорунун айрым тилкелеринде оң натыйжалар бар.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын айрымдары боюнча айыппулдардын көлөмү азайтылат. Ошону менен бирге жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуулар үчүн айыппулдардын өлчөмү ошол бойдон калат», — деди ал.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууда 306 пунктту аппараттык-программалык комплекстери менен камтуу пландаштырылууда. Бул – өлкөнүн стратегиялык жолдорунун негизги тилкелериндеги 266 стационардык жана 40 көчмө АПК менен камсыздалат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>