Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси “Кыргыз почтасына” жетекчи болду

Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси “Кыргыз почтасына” жетекчи болду

“Бажагейт” окуясынан кийин кызматтан алынган Өкмөттүк аппараттын мурдагы жетекчиси Шамил Асымбеков “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини кызматка дайындоо буйругуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгону менен Өкмөттүн басма сөз кызматы бул туралуу маалымат тараткан эмес.

REPORTER.KG  басылмасы “Кыргыз почтасына”  байланышып, жаңы директордун кызматка качан дайындалганын сураганда алар “маалымат бере албайбыз” деген жооп узатышты.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы болсо Асымбеков бир ай мурун кызматка дайындалганын ырастап, бирок дайындоо тууралуу маалымат таратуу алардын милдети эместигин айтты.

Эске салсак, Шамил Асымбековдун “Кыргыз почтасына” жетекчи болуп барарын январь айында бизге өздүк булактар кабарлаган эле.

Аталган ишкананы 2018-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келген Марс Наспеков  январь айынын башында өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>