Өкмөттүн 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Өкмөттүн 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Өкмөттүк аппараттын 26 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Алардын арасында премьер-министринин кеңешчиси Артем Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы 27-июнда кабарлады.

Маалыматк караганда, Өкмөттүк аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда.

“Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган. Өкмөттүк аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда”, – деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 17-июнда Абылгазиевди узатуу иш-чарасына чогулган өкмөттүн кызматкерлери аралыкты сактабай, беткапсыз сүрөткө түшкөнү коомчулуктун сынына кабылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>