Алишер Абдрахманов Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин бул кызматты 12-февралда вице-премьерликке отурган Акрам Мадумаров, ээлеп келген. Ал эми Абдрахманов анын орун басары болчу.