Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан алынды. Бул тууралуу Репортер агенттигине өздүк булактар кабарлады.
“Азырынча расмий маалымат таратыла элек, бирок ал бүгүн кызматтан алынды”, — деди өздүк булак.
Буга чейин Солтон-Сары кениндеги абалды жөнгө сала албагандыгы үчүн Аманбай Кайыповдун ишмердигине коомчулук тарабынан бир нече сындар айтылып келген. Ал эми 2- сентябрда Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ишке берилиши анын дарегине айтылып келген сындарды ого бетер күчөткөн.