Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти

Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматынан кетти. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматтан кетүүсүн Жылкыбаев өзү мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, шайлоого аттанып жатканы менен түшүндүргөн.

46 жаштагы Узарбек Жылкыбаев 2018-жылдын 18-июлунан тарта Ош облусун жетектеп келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>