Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы жарыяланды. Анда өкмөт башчынын бир эле орун басары болот. Мурда төртөө болчу.
Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
Юстиция министри — Асел Чыныбаева;
Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Кечээ, 1-февралда парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырган.