Site icon Reporter.kg

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү алмашты

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов кызматынан бошоп, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Өкмөт башчы кол койгон дагы бир буйрукка ылайык Кыянбек Сатыбалдиев Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Exit mobile version