ӨКМ: Өлкө аймагы боюнча 5 айда эң көп Чүй облусунда өрт кырсыгы катталды

ӨКМ: Өлкө аймагы боюнча 5 айда эң көп Чүй облусунда өрт кырсыгы катталды

Үстүбүздөгү жылда 5 ай ичинде республика боюнча 828  өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 1193), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6%га азайган. Өрттүн кесепетинен 8 адам каза таап, 12 адам жабыркаган жана 21 адам куткарылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 529 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,9 пайызын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -43,1%;

мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 15,7%;

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 14,6%;

балдардын от менен ойноосуунан – 4,8%, өрт кырсыгы болду.

 Болуп өткөн өрттөрдүн саны: Бишкек шаарында 141, Чүйдө 215, Ош облусунда 111, Жалал-Абад облусунда 102, Ысык-Көлдө 103, Нарын облусунда 40, Талас аймагында 38, Ош шаарында 23,

Баткен облусунда 55 өрт катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>