ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар калың жаашы күтүлөт

ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар калың жаашы күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

ӨКМ жол жүрүүнү мерчемдеп жаткан айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну, айдап бара жатканда башка унаа менен 500 метр аралыкты сактоону жана чынжырчаны унутпоо керектигин эскертет.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Эртең, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Катуу жаан  жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>