ӨКМ 21-27-январга чейинки өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты

ӨКМ 21-27-январга чейинки өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты

21-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багытын өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

22-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши  күтүлөт.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

26-27-январларда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 26-январда жана 27-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 27-январда күндүз  кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>