Site icon Reporter.kg

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 15-16-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы кескин төмндөйт.

17-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону, автотранспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бишкек-Ош жолу сыяктуу алыскы жана тоолу жолдорго  сапарт тарта турган айдоочуларга ӨКМ төмөндөгү эрежелерди сактоону сунушайт:

 

Exit mobile version