ӨКМ: Араван-Ак-Буура каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

ӨКМ: Араван-Ак-Буура каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Оштогу Араван-Ак-Буура каналынан 1977-жылы туулган М.А. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-август күнү Араван-Ак-Буура каналына 1977-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Издөө иштерин улантуу үчүн 15-август күнү жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 10 куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында 15-августта саат 14:09да суудан жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>