ӨКМ: Баткен облусунун аймагындагы эки шахтадан 6 адам газга ууланып каза болду

ӨКМ: Баткен облусунун аймагындагы эки шахтадан 6 адам газга ууланып каза болду

5-6-октябрь күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Сүлүктү шаарындагы шахталарда өз алдынча көмүр казып жаткан 6 адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Репортер агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

“5-октябр күнү Сүлүктү шаарындагы “Абдукахар-Кен” шахтасынан газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 6 куткаруучу барып, 3 адамды  шахтадан чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп берген. Оор абалда ооруканага жеткирилген 40, 42 жана 44 жаштагы адамдар ооруканадан каза болуп калышкан”, — деп жазылат маалыматта.

Айрым басылмалар 6-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында болду деп жазып жаткан кырсык боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буларды айтты.

“6-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында эмес, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы шахталардын биринде кырсык болгон. Өз алдынча көмүр кызып жаткан 21, 42 жана 33 жаштагы адамдар шахтанын ичинде газга ууланып каза болгон. Окуя болгон жерге 9 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен”, — деп билдирди ӨКМден.

Ушуга улай эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы,  24-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы шахталардын биринде кырсык болгондугун белгилеп өттү. Анда шахтадагы көмүр ташыган вагонетка рельстен чыгып кетип 2 кишини басып калган. Кырсыктан 25 жаштагы адам каза болуп, 57 жаштагы адам оор алабда ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>