ӨКМ бул аптада кандай аба ырайы күтүлөрүн маалымдады

ӨКМ бул аптада кандай аба ырайы күтүлөрүн маалымдады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-февралдан 10-февралга чейинки өлкө аймагындагы аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл, Нарын  облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

5-февралда жана 6-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

7-8-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. 

9-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-февралда күндүз жана 10-февралда кээ бир райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>