ӨКМ: Бишкекте 81 жаштагы аял иске ууланып каза болду

ӨКМ: Бишкекте 81 жаштагы аял иске ууланып каза болду

Бишкектеги Аламүдүн-1 кичи районунда 81 жаштагы аял иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-февралда орун алган. Кырсык тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө кечээ саат 13:26да келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, аталган даректеги үйлөрдүн биринин уктоочу бөлмөсү күйгөнүн аныкташкан. Бөлмөнүн ичиндеги электр жылыткычы жана сыналгы күйгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн ээси 1938-жылы туулган аял иске ууланып каза болгон.

Өрттүн себеби аныкталып, тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулганы белгилүү болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>