ӨКМ: Бишкектеги кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)

ӨКМ: Бишкектеги кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)

Бишкектин Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

“Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 бөлүм, 2 автошаты, Штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан куткаруучу топ, тез жардам кызматынан 2 бригада, Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа, миилция кызматкерлерижана “Темир жол” ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд тартылган. Алдын ала, өрттүн болжолдуу аянты 2800 чарчы метрди түздү”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министрлиги аталган жайдагы өрттөн 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Видео ӨКМдики

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>