ӨКМ: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер табыла элек

ӨКМ: Кумтөрдө жоголгон кызматкерлер табыла элек

Кумтөр алтын кениндеги жер көчкүдөн кийин дайынсыз болуп изделип жаткан эки жумушчу табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Издөө иштерине 100дөн ашык куткаруучу, 60ка жакын оор техника тартылса да кызматкердердин сөөгү 1-декбардан бери табыла элек.

Эске сала кетсек, Кумтөрдүн Лысый өрөөнүндөгү жараксыз жер катмары 1-декабрь көчүп түшкөн. Көчүп түшкөн  катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб.

Изделип жаткан жумушчулар  так ошол жер көчкүнүн астында калышкан. Алар тоо-кен бөлүмүнүн мастери 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу 47 жаштагы Жолдош Жунушев экени аныкталган.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>