ӨКМ шашылыш билдирүү таратты! Ысык-Көл аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты! Ысык-Көл аймагында үшүк жүрүшү күтүлөт

Эртең, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет. Бул тууралуу Өзгочө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызстандын аймагында 4-8-апрелге чейин күтүлгөн аба-ырайы:

4-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-апрелде күндүз Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын  күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

7-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-апрелде күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

8-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>