ӨКМ: Түндө жол кырсыгынан эки аял каза болду

ӨКМ: Түндө жол кырсыгынан эки аял каза болду

Бишкек-Балыкчы-Торугарт жолундагы унаа кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына ылайык, кырсык 7-июнь күнү саат 04:00 чамасында Көк-Мойнок-1 айылында болгон.

«Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, 39 жана 42 жаштагы аял кишилер каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>