ӨКМ: тоолордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

ӨКМ: тоолордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-марттан 4-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана  абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман – Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ушундай эле коркунуч Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек автоунаа жолунда, Чоң-Ашуу ашуусунда бар экени айтылат.

Мындан сырткары, ӨКМ жолдор тайгак болорун билдирип, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>