ӨКМ: тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

ӨКМ: тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-17-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертет.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман — Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Ушундай эле коркунуч Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Каракол — Эңилчек автоунаа жолунда, Чоң-Ашуу ашуусунда бар экени айтылат.

Мындан сырткары, ӨКМ жолдор тайгак болорун билдирип, машинелердин ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

Бүгүн, 16-февралда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар, жаан жаайт. Ал эми Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын туман капташы мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>