ӨКМ: Ушул жылдын 9 айында өрт-куткаруу кызматтары 154 адамды куткарган

ӨКМ: Ушул жылдын 9 айында өрт-куткаруу кызматтары 154 адамды куткарган

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу кызматтары тарабынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 154 адам куткарылган. Мындай маалымат ӨКМдин отчётунда айтылат.

Анын ичинен жол кырсыгынан – 70, экстремалдык абалда – 40, өрттөн – 43, көлмөлөрдөн — 1 жаран куткарылган.

«Куткаруучулар тарабынан жалпысынан 741 адамга жардам көрсөтүлгөн: анын ичинен 29 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 354 адамга жардам көрсөтүлсө, үйлөрүнүн эшиктери жабылып калган 358 адамга жардам берип, эшиктерин ачып беришкен. Куткаруучулар тарабынан 3 миң 76 муктаж болгон  жарандарга телефон аркылуу кеңеш берилген. Кырдаалдарга чыгуу боюнча: 135 жолу  — жол кырсыгына, 2 миң 225 — ар түрдүү кырсыктарга, 90 — сууга чөккөндөрдү издөөгө, 1 миң 740 жолу — өрт кырсыгына  чыгуу катталган», — деп маалымдалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>